super.kg logo

Садыр Жапаровдун көзүнө операция жасалды

 

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп, ага көз айнекчен келген болчу. Ал ирет коомчулуктун көңүлү көз айнекке бурулганы менен анчейин суроолор жаралган эмес. Көп өтпөй УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөттөрү интернет айдыңына тарап, анда да өлкө башчысы көз айнегин чечкен эмес. Кийин "Кыргызалтын Ювелирпром" жаңы ишканасына барып, имараттын ичинде зер буюмдардын деталдарын да күндөн коргоочу көз айнек менен карап жүргөн.

Буга байланыштуу интернет колдонуучулары "Садыр Жапаровдун көзүнө эмне болгон?", "Эмне үчүн көз айнекти такыр чечпей калды?" деген суроолорду өз ара жаадырып жатышты.

Мамлекет башчысынын имарат ичинде күндөн коргоочу көз айнек тагынуусу тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан түшүндүрмө беришти.

"Президент Садыр Жапаров жакында көзүнө операция жасалгандыгына байланыштуу имарат ичинде күндөн коргоочу көз айнек тагынып жүрүүгө туура келди. Мамлекет башчысына хирургиялык операцияны талап кылган көздүн төмөнкү жапкагынын энтропиону диагнозу коюлган", - дешти аталган мекемеден.

Энтропион - бул көздүн кабагы менен кирпиктин көздүн карегине карай бурулуусу. Бул көздү тынымсыз дүүлүктүрүп, жаш чыгуусуна алып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
26.07.2021. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Телефон коп чукулабаш керек да
26.07.2021. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aslan_akjol89,Мээң жайындабы
26.07.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым шыпаа берсин ажобузга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: