super.kg logo

Сузак районунда 19 жаштагы Айжамал Паизова изделүүдө

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 19 жаштагы Айжамал Паизова изделет. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 21-июль күнү саат 05:00 чамаларда Сузак районуна караштуу Сафаровка айылындагы жолдошу менен жашаган үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болууда.

Учурда 19 жаштагы Айжамал Паизованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана Сузак милициясы аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 155-160 сантиметр, өңү ак жүздүү, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Ак түстөгү көйнөк, башында ак жоолук, бутунда кызгылтым түстөгү спорттук бут кийим.

Дайынсыз болуп жаткан Айжамал Паизова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, биздин дарекке же төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өнүнөт.

Байланыш телефону: 03748) 5-02-09, 0550 31-31-22, 0777 80 65 68.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: