super.kg logo

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө компьютерлер тапшырылды

 

Бүгүн, 26-июлда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси эки тараптуу кызматташтык жана Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоору боюнча жана Баткен облусуна өзгөчө макам берилүүсү боюнча кеп кылышты.

"Мындан сырткары облустун чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү иштери боюнча маалымат берилди. Жыйындын жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан кызматташтыктын алкагында президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн аппаратынын ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу, колдоо максатында орг техникаларды жана компьютерлерди тапшырды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев мындай колдоолору үчүн ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесине терең ыраазычылык билдирди. Алдыда Баткен облусунун өнүгүшү үчүн биргеликте эки тараптуу кызматташтыкта чогуу аракеттер көрүлөрүн баса белгиледи", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.07.2021. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы эмнелер тапшырылды
26.07.2021. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(Президенттин өкүлчүлүгү ) башкача угулат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: