super.kg logo

Республикалык штаб оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөп, бирок эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон экенин жарандарга эскертет

 

Республикалык штаб оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөп, бирок эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон экенин жарандарга эскертет.

"Өлкөдө эки күн катары менен коронавирус инфекциясынын жана өпкө оорусунун миңге жетпеген жаңы учуру катталды. 25-июлда – 995 жана 26-июлда 973 учур. Оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөдү, бирок эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда.

Организмди COVID-19 илдетинен коргоо жана оорулардын саны кайрадан жогорулабашы үчүн милдеттүү түрдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана вакцинациядан өтүү зарыл экендигин Республикалык ыкчам штаб эскертет.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин ар кандай салтанаттуу жана массалык иш-чараларды өткөрүү жана аларга баруу сунушталбайт. Менчик формасына карабастан, бардык мекемелерде, жабык имараттарда, коомдук транспортто милдеттүү түрдө бет кап режимин сактоо зарыл.

COVID-19дун таралышынын алдын алуу, өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун күчөп кетишинен сактоо, организмди алдын ала даярдоо жана иммундук коргоону камсыз кылуунун ишенимдүү ыкмасы вакцинация болуп саналат.

Учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына COVID-19га каршы эмдөө акысыз жана ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 352 миң 877 адам вакцинацияланган (107 826 адам экинчи дозаны алган)", - деп билдиришет республикалык штабдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: