super.kg logo

"Атам бизди күчтүү кылып тарбиялады". Кримавторитет Рысбек Акматбаевдин улуу кызы Аима Акматбаева алгачкы жолу маек берди

 

Кримавторитет Рысбек Акматбаевдин улуу кызы Аима Акматбаева алгачкы жолу маек берди. Аны блогер Адилет Ногойбаев жеке YouTube каналына тарткан.

Аима Акматбаева Ош шаарында жашап, ишкерлик менен алектенет.

"Мен атамдын фамилиясы менен абдан сыймыктанам. Ал бизди күчтүү, акылдуу кылып тарбиялаган. Мен атам менен абдан сыймыктанып, дайыма анын атын татыктуу алып жүргүм келет. Ал дайыма позитивдүү, ак көңүл болчу. Мен анын сөгүнгөнүн же кимдир-бирөөлөр менен урушканын көргөн жокмун.

Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окугам. Мен Рысбек Акматбаевдин улуу кызы болом. Кичине кезибизде бизди Акматбаевдин кызы экенибизди көптөр билген жок. Бирок биз дайыма жай турмушта чоңойдук. Эң бактылуу күндөрүбүз көп болду" - деген ал өз сөзүндө.

Ошондой эле блогердин жан сакчы менен жүрчү белеңер деген суроосуна: "Жок, биз эркин өстүк. Мектепке өзүбүз эле барып келип окудук" деп жооп берген.

"Мен Оштун Ноокат районуна турмушка чыккам. Ошону менен бул жакта калдым. Алгач шаарга бала бакча ачтым, аны ийгиликтүү иштеткенден кийин мектебин ачтым. Азыр шаардагы эң белгилүү жана билимди эң жакшы берген мектептердин бири боло алды.

Менин бул жетишкендиктериме жолдошумдун салымы чоң. Ал дайыма колдоп турат. Азыр 4 баланын энесимин. Келечекте ушул ишкерлик менен алектенип, эл аралык деңгээлдеги мектеп ачкым келет", - деп маекти жыйынтыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
27.07.2021. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атанын кызы экен. Кыргыздын кызы ушундай эле болчу эле негизи.
27.07.2021. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу крим авторитет болсо ни кто не ругался дейби ботом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: