Депутат Талантбек Узакбаев "Кумтөр" боюнча үлүштү 67 пайыз кылууну колдой турганын, бирок добуш берүү күнү парламентте болбой калганын айтты
ЖКнын депутаты Талантбек Узакбаев “Кумтөр” боюнча үлүштү 67 пайыз кылуу демилгесин колдой турганын, бирок өткөн аптадагы добуш берүү учурунда парламентте болбой калганын ЖКнын 30-октябрдагы жыйынында билдирди. “Добуш бере албай калган депутаттар боюнча эл арасында туура эмес маалымат айтылып жатыптыр. Муну тактап коюш керек, "бул депутат иш сапарда болгону үчүн добуш бере албай калды, а бул депутат жыйында болуп добуш берген жок” деп. Мен “Кумтөр” боюнча жоопкерчиликтен качпайм”,- деди Узакбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

