Бизнес коомчулугу Антикоррупциялык кеңештин маанилүү экендигин айтышты
Бүгүн, 27-июлда президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңеши бизнес коомчулугу менен жолугушуу өткөрүүдө.
Жолугушууда бизнес коомчулугунун өкүлдөрү Антикоррупциялык кеңештен күтүлгөн жагдайлар, анын маанисин, пикирлерин жана сунуштарын айтышууда.
"Өлкөдө бир топ кеңештер бар, бир кыйла иш аткарганына карабастан жыйынтык болгон эмес. Демек, иш аткарылган жок. 10 жылдан бери көтөрүлүп, бирок чечилбей келген көйгөйлөр бар. Мамлекет бизнести бакпай жатат. Ошол иштерди жолго салууда Антикоррупциялык кеңештин пайдасы чоң деп үмүт кылам. Буга чейин дагы кеңештер жакшы иш баштап, аягы жакшы бүткөн эмес, тагыраагы, иш аткарылбай калган. Маселелер, иштер көп. Бул кеңешке биздин коомчулуктан ким келсе деле колдойбуз. Бизде талаш-тартыш жок, иштей беребиз", - деди Сталбек Акматов.
Буга чейин президентке караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн. Нуруйпа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалганы маалымдалган.

