super.kg logo

Жолугушууда Антикоррупциялык кеңешке мүчөлөрдү кабыл алуу сунуштары айтылды

 

Бүгүн, 27-июлда президенттин алдындагы Коррупциялык кеңеши бизнес коомчулугу менен жолугушуу өткөрүүдө.


Жолугушууда бизнес коомчулугунун өкүлдөрү Антикоррупциялык кеңештен күтүлгөн жагдайлар, анын маанисин, пикирлерин жана сунуштарын айтышууда.

"Союз учурунда бир улуттук көзөмөл болгон. Азыр кыргызда бир чөнтөккө бир нерсе салмайынча эч нерсе кылбай калдык. Буга акырындык менен адаптация болушууда.

Кеңешке мүчө кылып кабыл алууда. Тажрыйбасы көп адамдарды карап коюу зарыл. Ошондой эле сапатына көңүл буруу абзел.

Кеңеш элдин үмүтүн акташы керек", - деди бизнес коомчулугунун өкүлү.

Мындан сырткары, кеңештин мүчөлүгүнө ар бир бизнес тармагынан өкүлдөр кириши керектиги, алар иштин түмөн түйшүгүн жакшы билиши кажет экени айтылды.

Белгилүү болгондой, президентке караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн. Нуруйпа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: