Ырчы Самара Каримова менен жолдошу кабылган жол кырсыгынын сүрөтү
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров 26-июлда жол кырсыгына кабылганы маалым болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгындагы өздүк булактар тарабынан автокырсыкка кабылгандардын арасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев дагы бар экени белгилүү болду.
Белгилүү болгондой, 26-июлда болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымында Тойота Альфард унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам Токтогул аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылса, 1 жүргүнчү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланды.
Ырчы, анын жолдошу жана Бишкектин вицэ-мэри катышкан жол кырсыктын сүрөттөрү.





1 |