super.kg logo

Самара Каримова, жолдошу жана Бишкектин вице-мэри кабылган жол кырсыгы. Бейтаптардын абалы тууралуу маалымат (сүрөт)

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров 26-июлда жол кырсыгына кабылганы маалым болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгындагы өздүк булактар тарабынан автокырсыкка кабылгандардын арасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев дагы бар экени белгилүү болду.

Бүгүн, 27-июлга карата жол кырсыгынан жабыркагандардын ичинен 3 бейтап дарылануусун Токтогул жалпы дарыгердик практика борборунда улантууда. Алардын абалы боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан маалымат беришти.

- 1991-жылы туулган К.С. Диагнозу: баш мээнин чайкалуусу, көкүрөк тушундагы омуртканын сынышы, абалы туруктуу;
- 1968-жылы туулган М.А. Диагнозу: баш мээнин чайкалуусу, баш сөөктүн жабык жаракаты, абалы туруктуу;
- 1990-жылы туулган Н.А. Диагнозу: Белинен жаракат алган, абалы туруктуу. Калган 2 бейтаптын абалы канааттандырарлык делинип, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Эске салсак, 26-июлда болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымында Тойота Альфард унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам Токтогул аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылса, 1 жүргүнчү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.07.2021. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечиресинер,алыс жактан.
27.07.2021. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкектин вице мэринин булардын жанында эмне иши бар? Министр да болбосо, командировкага кетти деп элди алдагыдай? Же буларга кааласа ишке барып, кааласа тойлоп журо бергидей укук бергенби Жапаров? Жаны бийлик келсе депутат, министр, мэр, акимдер ишке кааласа келип, кааласа ишти таштап тойлонону токтойт деп ойлодук эле, кайдан, кайра кучоп жатат.
28.07.2021. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal3,мер министр президент киши эмеспи алар да тойлоп арак ичип шапар тебет. Сенин оюнча кабинетте жатып иштеш керек го э тупая
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: