super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Эски мөөрдү жаңысына алмаштырганда шаарда керектүү документтерге басылып жатты" дейт айыл өкмөт башчысы

 

"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылынын тургуну кайрылды. Ал жаңы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысы мамлекеттик мөөрдү жанына алып жүрбөй, кимдир-бирөөгө берип койгонуна нааразы экендигин билдирген.

Бул боюнча Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнө байланышып, окурмандын билдирүүсү тууралуу сурадык. Анда айыл өкмөт башчысы Нурзаман Алимбеков төмөнкүлөргө токтолду.

"Мен жаңы айыл өкмөт башчысы болуп шайландым. Мөөрдү алмаштырганбыз. Ошондо Ош шаарына алып барып, эски мөөрдү жаңысына алмаштырып жаткан учурда эки-үч күндөй шаарда керектүү документтерге мөөр басылып жатты.

Ал эми мөөрдү баскан адам менин жардамчым болчу.

Азыркы учурда мөөр айыл өкмөтүнүн имаратында", - деп билдирди Алимбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: