super.kg logo

Кыргыздын Женевадагы өкүлү Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директоруна ишеним грамотасын тапшырды

 

Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен улуттар уюму жана башка эл аралык уюмдардагы Женева шаарындагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев тарабынан Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы директору Нгози Оконжо-Ивеала айымга ишеним грамотасын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Алмазбек Бейшеналиев социалдык тармактагы баракчасында жарыя кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бейшеналиев ДСУнун башкы директоруна Кыргыз өлкөсүндөгү ички саясий жана экономикалык кырдаал боюнча маалымат берди.

Алмазбек Бейшеналиев белгилегендей, 1998-жылдан бери Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин Кыргыз өлкөсү соода жүргүзүп жаткан өлкөлөрдүн географиясын эки эсеге көбөйттү.

Ошондой эле Алмазбек Бейшеналиев Нгози Оконжо-Ивеала айымды жакында Башкы директордун кызмат ордуна дайындалгандыгы менен куттуктап, Дүйнөлүк соода уюмунун министрлер конференциясынын 2021-жылдын ноябрь-декабрь айларында ийгиликтүү өтүшүн каалады.

ДСУнун башкы директор айымы, Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон башка өлкөлөр үчүн өлкөдө терең реформаларды жүргүзүүдө үлгүлүү өлкөлөрдүн бири экендигин белгилеп, Кыргыз өлкөсүнүн туруктуу өкүлүнө ийгиликтерди каалады жана жемиштүү кызматташтык иш алып баруу боюнча ниетин билдирди.

Эске салсак, 1998-жылдын 20-декабрында күчүнө кирип, Кыргыз өлкөсү Дүйнөлүк соода уюмуна 133-мүчөсү болуп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: