super.kg logo

ИИМдин ардагерлери авто мектептер окутпай эле келишим менен айдоочулук күбөлүктөрдү бергенине нааразы

 

Ички иштер министрлигинин ардагерлери жол кыймылындагы көйгөйлөр тууралуу бүгүн маалымат жыйын беришти. Ардагерлердин мүчөсү Калыс Темировдун айтымында, көпчүлүк жол кырсыктары түнкү убакытта болуп жатат.

"Көп жол кырсыктары түнкү убакта болууда, жаш балдар бир көчөдөн экинчи көчөгө жетиш үчүн ылдамдыкты көбөйтүп кырсыкка кабылып жатышат. Бул көйгөйдү ар тараптан көңүл буруп карашыбыз керек. Автоунаалардын абалы атайын көзөмөлдөн өтүп турушу зарыл. Азыр жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер радарлар менен эле туруп иш алып барышууда. Ошондуктан мен Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчисине кайрылып кетким келет. Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерин атайын окутуулардан өткөрүп туруу керек", - деди Темиров.

Ички иштер министрлигинин ардагерлеринин айтымында, бүгүнкү күндө авто мектептердин 40 пайызында автодромдор (айдоочулукка үйрөтүүчү жер) жок, эч нерсе окутпай жөн гана келишим түзүп коюшуп айдоочулук күбөлүктөрдү беришүүдө. Ошондой эле авто мектептердин үстүнөн эч кандай көзөмөл жок. Авто мектептерде автоунаа айдоо эрежесинен тышкары, айдоочулардын ортосундагы ийкемдүүлүктү дагы үйрөтүш керек экенин айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: