super.kg logo

Жалал-Абадда жашы жете элек 3 бала табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди

 

Жалал-Абад облусунда "Өспүрүм-түн" иш-чарасы жыйынтыкталды. Анда коомдук жайларда жана көчөлөрдө жайгашкан 102 жайга текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү органдарынын кызматкерлери, үй-бүлө жана балдарды колдоо комиссиясы жана коомчулук катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөрдү түндө коштоочусу жок жүрүүсүн аныктоо максатында жер-жерлерде жайгашкан соода түйүндөрү, дыйкан базарлары, автоунааларды жуучу жайлар, наабайканалар, кафелер, бильярд клубдары жана башка коомдук жайлардагы ишканалар текшерилди.

"Ата-энесинин жана башка коштоп алып жүрүүчүсү жок түнкү саат 23:00дөн кийин жүргөн жалпы 44 жашы жете электер аныкталды. Алардын 27 ата-энелерине протоколдор толтурулду. Андан сырткары ата-энелердин иштеген жерлерине 4 сунуш жөнөтүлүп, социалдык өнүгүү бөлүмдөргө 12 материал, балдар иштери боюнча комиссиясында кароо үчүн 4 материал жиберилди.

Ошондой эле кылмышка шектүү катары жүргөн 1 өспүрүм тергөөгө камсыздалып, дайынсыз болуп жаткан 3 жашы жете элек балдар табылып ата-энелерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: