super.kg logo

"Кыргыз темир жолу" ишканасы 150 жүк ташуучу вагон жана 3 тепловоз сатып алууну макулдашты

 

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жарым жылдагы аткарылган иштери тууралуу маалымат берди. Анда жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө багытталган иш-чаралардын натыйжасында улуттук компаниянын экономикалык-каржылык көрсөткүчтөрү туруктуу жана стабилдүү катары мүнөздөлөт.

Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттик ишкана тарабынан 3 миллион 471 миң тонна жүк ташылды (2020-жылдын 6 айында - 3 миллион 183 миң тонна). 2021-жылдын 6 айында ишкананын кызматын 118 миң 742 жүргүнчү пайдаланган. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 46 миң 786 жүргүнчүгө көп.

"150 жүк ташуучу вагон жана 3 маневрдик тепловозду сатып алууну каржылоо боюнча эл аралык финансы уюмдар менен келишим жетишилип, макулдашуу процедуралары аяктоо алдында. Мындан сырткары эл аралык финансы уюмдары менен кызматташуунун алкагында “Кыргыз темир жолу” темир жолдун жогорку бөлүгүн (рельстер, шпалдар) калыбына келтирүү жана Боом капчыгайындагы көчкүгө каршы галереяны кеңейтүү боюнча иштерин жүргүзөт", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: