Өлкөдө эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарды багындырган окуучуларга сыйлыктар тапшырылды

Маалыматка ылайык, аларга медалдарды жана белектерди министр Болотбек Купешев тапшырды.
"2021-жылдын 19-июнунан 25-июнуна чейин Сингапурда бүткүл дүйнө жүзүндөгү окуучулар арасында информатика боюнча 33-эл аралык олимпиада өттү. Онлайн форматта өткөрүлгөн олимпиадага дүйнөнүн 88 өлкөсүнөн 355 окуучу катышты. Кыргыз өлкөсүнөн 4 окуучудан куралган команда катышты", - деп айтылат маалыматта.
Бардык тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча, окуучулар төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтүштү:
М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Бейшекеев, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучулары Ислам Давлетов жана Артур Айдаров, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 9-классынын окуучусу Тенгиз Беккоёнов коло медалдарды жеңип алышты.
Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн командасы 2021-жылдын 19-июлунан 22-июлуна чейин Лиссабон (Португалия) тарабынан уюштурулган Биология боюнча эл аралык олимпиадага катышты. Команданын курамында төмөнкү окуучулар болушту:
- Бактынур Ажыбаев, Жалал-Абад шаарынын Курманбек баатыр атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу;
- Элина Рамазанова, Бишкек шаарынын №56 мектебинин 11-классынын окуучусу;
- Дмитрий Доценко, Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл баатыр атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу;
- Арген Азанов, Талас шаарынын "Манас Ата" лицейинин 10-классынын окуучусу.
Олимпиаданын жыйынтыктары боюнча Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу Бактынур Ажыбаев коло медалды багындырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.