УКМК: "Өмүрбек Бабанов СИЗОдон бошотулуп, дарыланууга чет өлкөгө кетет"
УКМК тарабынан кармалган Өмүрбек Бабанов ден соолугуна байланыштуу СИЗОдон чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү ден соолугунун начарлашына байланыштуу болгон.
"Бабановдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартууну кароодо анын ден соолугунун начарлап кеткендигин жана чет өлкөдө дарылоону талап кылган оорулардын бар экендигин көрсөткөн медициналык документтер алынды. Ошого байланыштуу бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө квалификациялуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында аны камактан бошотту.
Ошол эле учурда Бабанов шектүү деп эсептелген "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" иши боюнча 31-майда кармалган. Андан соң эки айга камакка алынган.











1 |