super.kg logo

"Кеңири пикир алыштым". Жанар Акаев Садыр Жапаровго жолугуп чыкты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президент Садыр Жапаровго жолугуп чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, азыркы абал, шайлоо мыйзамдары тууралуу кеңири пикир алыштым. Алдыда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосунда жалаң акчага таянган, добуштарды дүңүнөн сатып алам деген партияларды, талапкерлерди эч кандай аямай жок деди. Акча менен кармалган партиябы, жеке талапкерби шайлоодон токтоосуз четтетилет. Добуш сатып алууну ашкерелеген жарандарга сый акы бериле тургандай механизм киргизилет экен.

Жакынкы айларда элге ушул тууралуу атайын кайрылуу жасайм деди. Добуш сатып алуу ыкмасы жоюлса, чын эле парламент, жергиликтүү кеңештердин сапаты өзгөрөт эле. Өздүк партиям болбойт, баарына шарт бирдей болот деди. Добуш сатып алуу токтосо, билимдүү жаштарга жол ачылат эле. Президент эгер техникалык жактан даяр болсок, 54 депутат преференциалдуу шайлоо системасы менен шайланып келүүсүн колдоду", - деп жазды Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
27.07.2021. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки жуздуу Жанар Акаев
27.07.2021. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башкача суйлоп калган го бу дагы
27.07.2021. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айта берет кайта берет анын сөзүн жазбай эле койбоптур Жанар мырза
27.07.2021. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башталыптыр да дагы
Мунусунда "Балашкалар" көп болот, подставной депутаттарга толтура парламент куралат.
27.07.2021. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зек деп Садыр Нургожоевичти бийликке жолоткусу келбей ич куйдулук кылгандардын катарында жургонун унутуп калган окшойт, бирок эл унутпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: