super.kg logo

Орусиянын аймагына вакцина алган Кыргыз жарандары гана кире алабы? "Манас" эл аралык аэропортунун жообу

 

Орусиянын аймагына кирүү үчүн Кыргыз жарандары вакцина алышы керек деген маалымат чындыкка жатабы? Бул боюнча "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан жооп беришти.

"Жок, бул төгүн маалымат. Учурда 2021-жылдын 7-июлунда Орусиянын башкы санитардык врачынын токтомунда белгиленген эрежелер анык.

Ага ылайык, 2021-жылдын 10-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары Орусиянын аймагына кирерде 72 сааттан кеч эмес жасалган ПЧР-тесттин жыйынтыгын "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесинен көрсөтүүлөрү зарыл.

Ал эми чет өлкөдөн келген Орусиянын жарандары үч күндүн ичинде ПЧР-тест тапшырып, жыйынтыгы чыкканча жашаган жери боюнча обочолонушу (изоляция) керек.

Эгерде мамлекеттик кызматтар боюнча, вакцинациялангандыгы (12 айга жарактуу) же ковид-19 менен ооругандыгы (6 айга жарактуу) тууралуу электрондук сертификаты болсо, анда ПЧР-тест талап кылынбайт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.07.2021. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койсончу эй. Ысык-Көлго келип жыргап эле эс алып жатышатко,Россиядан, Казакстан Озубекстандын жараандары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: