Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жол кырсыкка кабылганынын чоо-жайын айтты
Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев ырчы Самара Каримова жолдошу Асан Мансуров менен бир унаада келе жатып жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анда ал тезирээк сакайып кетсин деп тилеп жаткандарга ыраазычылыгын билдирип, окуянын чоо-жайын жазган.
"Кырсык деген айттырбай келет экен. Бир тууган карындашым жыйырма жыл мурун Базар-Коргонго турмушка чыккан. Тун кызын узатып тойго чакырган. Ишемби күнү учуп барып жекшемби кайтып келе жаткам. Унааны Асан дос (Асан Мансуров) башкарып келе жаткан. Үч үй-бүлө элек. Баарыбыз аман калдык. Кудай чоң сактады. Денеден алган жаракаттар буюрса айыгат. Жүрөктөн жаракат албайлы, достор. Бири-бирибизге жакшылык каалап койгонго ар бирибиздин дараметибиз жетет. Эч качан жаман ойлобостон жакшылык тилейли. Ниетибиз түз болсун. Бардык иштерибиз ниетибизге жараша болот...", - деп жазган.
Буга чейин Самара Каримова жолдошу Асан Мансуров, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана дагы 2 жүргүнчү менен Оштон Бишкек шаарына келе жатышканда жол кырсыгына кабылышкан. Буга чейин Самара Каримованын жол кырсыгына кабылганы маалымдалып, муну жолдошу Асан Мансуров тастыктап, абалдары жакшы экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Dembele84

28.07.2021. 09:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
3 кундон бери эле ушулар да,антти мынтти деп эле,хватит уже ар бир созун чыгара берип!
adilbars

28.07.2021. 11:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Унааны мен башкарып бараткам- деп чыкты эле го Самара айым?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.