super.kg logo

Соттолгондор добуш бере алышпайт. Дастан Бекешев шайлоо мыйзам долбооруна сунушу колдоо тапканын айтты

 

Соттолгондор шайлоодо добуш бере алышпайт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналында айтты.

Парламент бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча мыйзам долбоорун карайт.

Сунушталган өзгөртүүлөрдү тиешелүү комитеттин мүчөлөрү талкуулашты. Депутат Дастан Бекешев бир катар сунуштарды берген. Атап айтканда, кылмыштары үчүн соттолуп абакта отургандар шайлоо укугуна ээ болбошу керек деген сунушун кесиптештери колдошкон.

"Мыйзам долбоорунда абакта отургандарга шайлоо укугун берели деп атканда, мен каршы болдум. Кылмыштары үчүн соттолгондор шайлоо укугуна ээ болбошу керек, анткени "кара дүйнөнүн" адамдары шайлоого кийлигишип баштайт. Бул сунушум колдоо тапты.

Тилекке каршы, менин дагы бир сунушум колдоо тапкан жок, ал партияларга тизмедеги талапкерлерди, бир мандаттуу округдардагы шайлоого катыша турган талапкерлерди дагы көрсөтүүсүнө тыюу салуу сунушу болчу", - деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.07.2021. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
келесо окшойт Бекешев кандай түшүнсө болот соттолгон адамдар омүр бою добуш береалбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: