Ысык-Көлдө электр жабдыктары сакталган кампа өрттөндү




Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында электр жабдыктары сакталган кампа өрттөндү. Өрт кырсыгы 27-июлда катталганын ӨКМнын маалымат кызматынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 27-июль күнү саат 19:00 чамасында Балыкчы шаарындагы кампа күйүп жатат деген маалымат куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.
"Өрт саат 19:12де чектөөгө алынып, саат 19:29да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан кампанын ичиндеги электр жабдыктары толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.