super.kg logo

Депутат Шайлообек Атазов тышкы карыздын эсебинен жол курууга каршы чыкты

 

Депутат Шайлообек Атазов парламенттин жыйынында "Корумду - Балбай тилкесиндеги Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз өлкөсү менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбооруна каршы болду.

Атазовдун айтымында, бул келишим Кыргыз өлкөсү үчүн пайдасы аз.

"Ушул келишимден баш тартып насыя албаса, Кыргыз өлкөсү эмнени жоготот? Азыр келишимди бузууга болобу же артка жол жокпу? Насыя 2,5 пайыз менен берилгенин көрүп жатам. Бул өтө чоң сумма. Келечекте аны ким төлөйт? Тышкы карыздын 50 пайызы жол курууга алынган. Канча насыя алсаңыз болот? Чындыгында эле өз алдынча жолдорду куруу мүмкүн эмеспи? Сиз насыяңыз менен элди муунтуп жатасыз. Президент жолдун курулушу "Кумтөрдөн" түшкөн акчага башталганын айтууда. Сиз президенттин саясатына каршы чыгып жатасыз", - деди Атазов.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев төрт донордун биринин гана пайызы 2,5 экенин, калгандарыныкы 1,5 пайыз деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
28.07.2021. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карыз ала берип тажабадынарбы,бир жолу лолу болуп бутмой болдук го,ар кимден ар нерсе сурай берип!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: