УКМК Майнинг-фермаларына байланыштуу түшүндүрмө берди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитети Майнинг-фермаларына байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Ага ылайык, УКМК энергетика тармагынын ишмердүүлүгүндөгү мүмкүн болгон тобокелдиктерге ар дайым байкоо жүргүзүп талдап турат, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мамлекеттик энергетикалык компаниялардын электр тармактарына майнинг-фермалардын (криптовалюта алуу боюнча өндүрүштүн) системалуу түрдө мыйзамсыз кошулгандарынан пайда болгонун күбөлөндүрөт.
2017-жылдан бери АКШ долларына карата криптовалютанын курсунун кескин өсүшү Кыргыз өлкөсүндө салыштырмалуу арзан электр энергиясын колдонгон "майнерлердин" толкунун пайда кылды.
Белгилей кетүүчү нерсе, майнинг-фермалар электр энергиясын көп сарптайт. Тиешелүү түрдө майнинг-фермалардын өсүшү менен электр энергиясын керектөө жогорулады, бул өлкөдөгү энергетикалык кризиске алып келген себептердин бири болуп саналат.
"Салыштыруу үчүн: 10000 даана майнинг-ферма күнүнө орто эсеп менен 408000 кВт электр энергиясын сарптайт, бул 40 миң калкы бар бир райондун электр энергиясын керектөөсүнө барабар.
Республикада электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп жатканын эске алуу менен, "Улуттук Энергохолдинг компаниясы" ААКнын 2019-жылдын 4-апрелиндеги №56-п буйругу менен, майнинг иштерин жүргүзүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган.
Учурда өлкө калкы үчүн электр энергиясы жетишсиз болуп жатканына карабастан майнинг-фермалар бүгүнкү күнгө чейин жашыруун түрдө өз ишин жүргүзүп келе жатат.
Өзгөчө белгилей турган нерсе, альтернативдүү энергия булактарынын (жеке чакан ГЭСтер) эсебинен иштеген майнинг-фермалардын иши мыйзамсыз деп эсептелбейт, убактылуу тыюу салуу аларга жайылтылган эмес.
2020-жылы Кыргыз өлкөсүнө биринчи жолу 224,0 тый / кВт көлөмүндө майнинг ишканалары үчүн тариф белгиленип, криптовалютаны өндүрүүгө керектелген электр энергиясына Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде 15% өлчөмүндө салык киргизилген", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермаларын аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.




1 |