super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кош бойлуу аял, эки кичинекей бала бар болчу". Бишкекте жол кырсыгы тууралуу окурман билдирди

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылып, Бишкектеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы орун алгандыгын билдирди.

"Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы орун алды. Мазда үлгүсүндөгү унаа менен Тойота авенсис унаасы кагылышкан. Мазда унаасы түз кетип бара жатканда Тойота авенсис унаасынын айдоочусу бурулам деп тигил унааны сүзүп алды.

Тойота унаасынын ичинде эне-бала, ал эми Маздада бир үй-бүлө мүчөлөрү кетип бара жаткан. Унаанын алдыңкы орундугунда кош бойлуу келин отурган экен. Аялдын боюнан козголуптур, эки кичинекей балдарынын баш сөөгү канап "Тез жардам" унаасы менен алып кетишти", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.07.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош базарга жеткенде любой водитель любой пешеход правиланы уруп ойнобойт.
04.08.2021. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TIMON_BERKOWITZ, туура айтасыз тууган. Айдоочубу же жоо жургон адамбы бири бирин сыйлоо деген жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: