Маалыматка ылайык, Республика көчөсүндө эски асфальтты алуу иштери башталды. Оңдолуп жаткан бөлүктүн узундугу 1274 погон метрди түзүп, тротуар жана ирригация курулат.
Кой-Таш тилкесинде жол катмары оңдолуп, тротуарды бир жагына жайгаштырабыз, сугат тармагын куруп, жол жана тротуардын бордюрлары, люктар орнотулат.
Месарош көчөсүндө бир тараптан тротуар уюштурулуп, ирригациялык тармак, люктар орнотулат. Учурда жол катмарын алуу жана даярдоо иштери башталды.
Бишкекте жолдорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу дагы үч көчө жабылат. Кайсылар?

Алар: Кой-Таш туюк көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки бөлүгү, Республика көчөсү Фучиктен Рижскаяга чейин жана Месарош көчөсү Месарош көчөсүнөн Небережный көчөсүнө чейин.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.