super.kg logo

Өлкөдө 6 ай аралыгында кылмыштуулуктун саны өсүп, көбү Бишкек жана Чүйдө катталды

 

Өлкөдө 6 ай аралыгында кылмыштуулуктун саны 1 жарым эсеге өстү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматына таянып Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын январь-июнь айларында республиканын аймагында 23 миң 500 кылмыш катталган. Бул былтыркы жылдын 6 айдагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 жарым эсеге көбөйгөн, ошондой эле 12 миңге жакын жоруктар (дээрлик 30 пайызга көп) катталган. Кылмыштардын басымдуу бөлүгү (61 пайыздан ашык) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.

Кылмыштардын 2 миңден ашыгы оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 2020-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо – 1,5 эсеге, тоноо – 24,5 пайызга өстү.

Адам өлтүрүүнүн саны 26 пайызга, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учурларынын саны 34 пайызга, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 6 пайызга көбөйдү.

Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36 пайызга, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары 2,2 эсеге жана паракорлук 1,4 эсеге өстү.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу (23 пайызга) көбөйдү.

Кылмыштардын санынын эң көбү Ысык-Көл облусунда (2,4 эсеге), Ош шаарында (1,7 эсеге), Ош облусунда (1,5 эсеге) жана Бишкек шаарында (1,4 эсеге) өсүшү белгиленди.

Январь-июндагы катталган кылмыштардын аймактар боюнча саны:

Бардык-учурлар

Мурунку жылдын тийиштүү

мезгилине карата пайыз менен

2020

2021

2020

2021

Кыргыз Республикасы

16 036

23 493

50,0

146,5

Баткен облусу

573

734

75,8

128,1

Жалал-Абад облусу

1 284

1 699

67,0

132,3

Ысык-Көл облусу

872

2 055

50,9

235,7

Нарын облусу

442

570

59,4

129,0

Ош облусу

1 284

1 877

74,0

146,2

Талас облусу

414

584

87,7

141,1

Чүй облусу

3 123

4 286

47,1

137,2

Бишкек шаары

7 150

10 140

44,4

141,8

Ош шаары

892

1 546

46,5

173,3

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында кылмыш жасаган 13 миңден ашык адам аныкталды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,6 пайызга көп. Алардын жалпы санынын 17 пайызга жакыны аялдар, 5 пайызга жакыны жашы жете электер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: