super.kg logo

Чүйдө Пакистандын 4 жараны дайынсыз болуп изделүүдө

 

Сокулукта ишканадан чыккандан кийин дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк 4 жаран изделүүдө. Бул тууралуу алар менен чогуу иштеген жаран укук коргоочуларга маалымдап, издөөгө жардам сурап кайрылган.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 27-июль күнү Сокулук районундагы ишканалардын биринин өкүлү арыз менен кайрылган.

"Анда Шопоков шаарындагы ишканалардын биринде иштеп жүргөн Пакистандын Жамиль Мухаммад, Лиакат Мцхаммад, Ифтикар Мухаммад, Али Карамат аттуу жарандары 26-июль күнү жумуштан чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында дайынсыз болуп жаткан жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилип, багыттамалар жөнөтүлдү. Учурда бул факты боюнча ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: