Жогорку Кеңеш Корумду-Балбай жолунун курулушун талкуулады
Бүгүн, 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Корумду-Балбай участогундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты.
Бул долбоорлор боюнча транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев баяндама жасады. Анын айтымында, Корумду-Балбай жолунун узундугу 81 чакырым. Жолдун курулушуна үч эл аралык каржы уюмдарынан 128 миллион доллар өлчөмүндө каражат тартылат. Каржылоонун 35 пайызын гранттык каражаттар түзөт. Калган каржылык каражат насыя түрүндө 23 жылга 1,5 жана 2,5 пайыздык ставка менен берилет.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар жолдордун курулушуна тартылган насыялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу маселесин көтөрүшүп, жолдун сапатына көзөмөлдү күчөтүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүлдү бурушту. Жаңы жолдор пайдаланууга берилгенден бир аз жыл өткөндө эле бузулуп жатканы айтылды.
Депутат Өмүрбек Бакиров Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери жолдордун курулушуна 2 миллиард 500 миллион долларга жакын чет элдик инвестициялар тартылганын, бул өлкөнүн тышкы карызынын тең жарымын түзөрүн, бирок жолдордун абалы канааттандырарлык эмес экендигин белгиледи.
Депутаттар жалпы жонунан жолдордун курулушу кымбат, 2,5 пайыздык ставка жогору экендигин белгилешти.
Талкуунун жыйынтыгында, мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окуудан добуш берүүгө жиберилди.

