super.kg logo

“Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” тасмасы Польшанын “Спутник” кинофестивалына чакыруу алды

 
Режиссёр Эрнест Абдыжапаров 30-октябрда Данияр Абдыкеримовдун “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” аттуу тасмасы Польшанын “Спутник” аттуу 7-кинофестивалына чакыруу алганын билдирди. Кинофестиваль 7-ноябрдан 17-ноябрга чейин өткөрүлөт. Режиссёрдун айтымында, аталган тасманы Анапада өткөн орусиялык “Киношок” фестивалында байкашкан. “22- эл аралык “Киношок” фестивалында кыргыз тасмалары ийгилик жаратканы баарыбызга белгилүү. Фестивалдын уюштуруучулары көрсөтүлгөн кыргыз кинолорунун арасында “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” тасмасын жактырып, орусиялык мыкты тасмалардын катарында “Спутник” кинофестивалына чакырышты. Фестивалдын алкагында Польшанын шаарларында биринчи жолу кыргыз киносу көрсөтүлөт”,- деди Абдыжапаров. Жаш режиссёр Данияр Абдыкеримов Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын бүтүрүүчүсү жана “Ысык-Көл бешбармагы”, “Кыялкечтер”, “Сүйөм дечи” тасмаларынын продюсери. Анын “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?”, “Кызыл көйнөкчөн” тасмалары чет өлкөлөрдүн кыргыз кинематографиясына болгон кызыгуусун жаратып келет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.10.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне болгон фестиваль экен? Кененирээк маалымат берип коесуздарбы. Кайсы олколор катышат экен
20.11.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aygesha, сайттын башка колдонуучусун мазактоого болбойт.
Эсиңизде болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: