Бишкекте 31 жаштагы жаран 14 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Темирбек Шермат уулу аттуу жаран 14 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Темирбек Шермат уулу 15-июль күнү саат 11:00 чамасында Бишкек шаарынын Лесхозный көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз.
Белгилери: Бою 180-185 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, көздөрү күрөң, мурду түз. Кийген кийими: кара футболка, кара спорттук шым. Эскертүү, дайынсыз болуп жаткан жаран Республикалык психикалык саламаттык борборунда каттоодо турат.
Темирбек Шермат уулун көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышса болот: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000 и 102.



1 |