Садыр Жапаров илим жана техника жаатында сыйлык тапшыруу жарлыгына кол койду
Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, медицина тармагындагы иштери үчүн төмөнкүлөргө Кыргыз өлкөсүнүн илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылат жана "Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилет.
"Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары"
- Шамиль Чынгышпаев – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
- Нелли Ахунбаева – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
- Хакиге Бебезов – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
- Стальбек Ахунбаев – Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты;
- Алмаз Шаназаров – Эл аралык жогорку медицина мектебинин академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;
- Арсен Айдаралиев – Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору;
- Айтбай Казакбаев – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты;
- Орозали Кочоров – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору.
"Заманбап илимий-дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы"
Исабек Ашимовго – Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, аталган академиянын химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор.

