Камактагы Жеңиш Молдокматов ачкачылык кармоону улантууда. Анын абалы канааттандырарлык
Бүгүн, 29-июлда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматовду көрүп келишти. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.
Акыйкатчы институту билдиргендей, анын абалы канааттандырарлык. Бирок Молдокматовдун ден соолугу күн сайын начарлап жатканын айткан. Дарыгердин кароосунан өтүп, алар зарыл болгон анализдерди тапшырууну жана медициналык көзөмөлдөн өтүп турууну сунуштаган.
"Молдокматов азыркы күнгө чейин 80 томдон турган кылмыш ишинин 17 тому менен таанышып чыккан. Ал №1 тергөө абагы иштин материалдары менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга көмөктөшүүнү суранды", - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, Молдокматов 26-июлда ачкачылык жарыялаган. Ал муну менен баш коргоо чарасын өзгөртүүнү эмес, кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарга бирдей мамиле жасоону талап кылгысы келгенин билдирген.
Ал 2020-жылдагы 5-6 жана 9-октябрдагы окуялар боюнча имараттарды басып алууга жана массалык баш аламандык уюштурууга айыпталууда.



1 |