super.kg logo

Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат

 

Бүгүн, 29-июлда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен жолугушту. Анда тараптар, Киров суу сактагычына ГЭС куруу долбоорун жеринде талкуулашты. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ГЭС курула турган аймакка геодезиялык жумуштар жүргүзүлүүдө.

"Министр Доскул Бекмурзаев, ГЭС 30 мегаватт кубаттуулукта болуусу күтүлүп жатканын жана ГЭСтин келечекте ишке кирүүсү, сугат суу системасына эч кандай таасирин тийгизбейт экендиги белгиледи.

Өз кезегинде, Бакытбек Нарбеков, долбоорду демилгелеп алгачкы иш аракеттер менен жерине таанышып жаткан Доскул Бекмурзаевге, Талас элинин атынан ыраазылык билдирди. Ошондой эле, ГЭСтин курулушун ишке ашырууда жана тийиштүү иш кагаздарын мыйзамга шайкеш келтирүүдө ар тараптуу жардам берерин кошумчалады", - деп айтылат мекеменин маалыматында.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
29.07.2021. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кабар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: