super.kg logo

Ысык-Көлдө катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Жерине министр Бообек Ажикеев жөнөп кетти

 
Ысык-Көл облусунун аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаары жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусу, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү.
"Турак үйлөрдү суу каптап ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын айрым жерлери селден зыянга учурады. Ал эми көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык.
Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикеев, ӨКМнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кетишти. Азыркы учурда Балыкчы шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң райондук бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар катталган эмес", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.
ӨКМнын маалымат кызматы толук маалымат берилерин кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: