super.kg logo

Бүгүн Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда да сел жүрдү

 

30-июлга караган түнү жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун бир катар айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы Чоң Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээгиндеги турак үйлөргө жана адамдар өтчү эки асма көпүрөнү алып кетүү коркунучун жараткан.

Ошондой эле Жети-Өгүз айыл аймагындагы Жети-Өгүз суусу да нугунан ашып унаалар өтүүчү жолдун жээгин жана ички чарбалык жолдорду жеп, кароосуз турган бир турак үйдү агызып кеткен. Аны менен бирге ӨКМ тарабынан курулган дамбаны да жууп кеткени айтылды министрликтин маалыматында.

Мындан тышкары жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү Тору-Айгыр айылында да катталып, 6 турак үйгө зыян алып келген.

Учурда сел жүргөн аймактарда куткаруучулар жергиликтүү тургундар менен биргеликте суу бөлүштүргүчтөргө кептелип калган тал-теректерди тазалап, суунун көлөмүн азайтуу үчүн зарыл болгон иштерди жүргүзүшүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Тоң районунун Кара-Шаар, Оттук айылдарында суу ташкыны катталганы айтылып, ал жерге өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жөнөп кеткени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: