Улукбек Марипов Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты





Төрагасы Улукбек Марипов Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда алтындын электролизи жана эритүү процесси көрсөтүлдү. Натыйжада 25 килограммдан ашуун алтын куймасы алынды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1086 килограмм алтын өндүрүлүп, баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ылайык, 940 килограмм тазаланган алтын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2300 килограмм алтын өндүрүү пландалууда.
Улукбек Марипов ошондой эле калдык сактоочу жайдын абалын текшерди. Ал белгилегендей, министрлер кабинети үчүн экологиялык коопсуздук маселеси артыкчылыктуу саналат жана өзгөчө көзөмөлдө турат.


Атайы алтынга эле келсе керек Марипов