Ысык-Көлдөгү рейддин биринчи күнү. Түшкө жетпей 6 айдоочу мас абалда кармалды








Бүгүн, 30-июль күнү Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагында күчөтүлгөн тартипте рейддик иш-чаралар башталды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди.
Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Кемин, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарчаларында жана Чок-Тал айылында посттор коюлуп, күчөтүлгөн тартипте рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Рейд учурунда 6 айдоочу мас абалда, 4 айдоочу терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн, 11 айдоочу документтери жок унаа башкарып жүрүшкөн. 21 айдоочу катуу ылдамдыкта унаасын башкарып бара жатканы үчүн кармалды.
Жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата айып протоколдору толтурулуп, 17 унаа айып короого токтотулду.
Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жалпы айдоочуларды жол эрежесин так сактап, жолдо жүрүүдө сак болууга чакырат.



1 |