super.kg logo

Республикада буудайдын баасы бир жылда дээрлик 40 пайызга жогорулады

 

Республикада буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторинг жүргүздү.

Июль айына карата буудайга болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 29 сом 15 тыйынды түзүп, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 8 сом 2 тыйынга же 39,3 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Ошол эле учурда буудайдын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп:

  • Бишкек (килограммы үчүн 31,46 сом),
  • Токтогул (килограммы үчүн 30,96 сом),
  • Исфана (килограммы үчүн 30,73 сом)
  • Өзгөн (килограммы үчүн 30 сом) шаарларында катталды.

Ал эми төмөн болуп:

  • Чаек айылында (килограммы үчүн 18 сом);
  • Каракол (килограммы үчүн 20,87 сом);
  • Кара-Суу (килограммы үчүн 23,59 сом) шаарларында түзүлдү.

Ушул жылдын июль айында мурунку айга салыштырмалуу республикадагы буудайга чекене баа 3 сом 4 тыйынга же 13,1 пайызга жогорулады.

Июль айында буудайга болгон баанын мурунку айга салыштырмалуу кыйла өсүшү Токтогул шаарында 47,1 пайызга жана Нарын шаарында 43,0 пайызга катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.07.2021. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бааны козомолдогон эч ким жок,бааны былтыркы жыл менен салыштырып коюп эле отурат бок курсактар.Бааны жонго салуу,элдин акчасына туура келе турган баа коюлабы же ушинтип отура береби бул иттер!?
31.07.2021. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ун пуруш депуттар монополия кылып алышып, Кыргызстандын өзүндө буудай эккендер жапа чегишти. Мыйзамга өзгөртүү киргизбесе ошо үч желмогуз эле күнүн көрүшөт!
31.07.2021. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кетиште карапайым эл кыштан кантип чыгат дейм да, бышыкчылык маалда баа асманга чыгып турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: