"Эң эле жек көргөнүм - паракорчулук!". Билим берүү министрлиги орто кесиптик окуу жайлардын директорлору менен жыйын өткөрдү




Билим берүү жана илим министрлигинде аралаш форматта республикадагы орто кесиптик окуу жайлардын директорлору менен министрликтин жетекчилигинин кезектеги кеңешмеси болду. Жыйын бүгүн, 1-июлда болгонун аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Министр Болотбек Купешев орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилерине жасаган кайрылуусунда өлкө социалдык-экономикалык кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан чакта агартуу тармагы элге жакын болуп, мыйзамсыз жеп-ичкенден алыс болууга жана керектүү адистерди окутуп-тарбиялоого бүт күчүн жумшашы керектигин баса белгиледи.
"Менин эң эле жек көргөнүм - паракорчулук! Баарыңыздарды ушундан оолак болууга чакырам. Эгерде кимде-ким мамлекеттин мүлкүн керт башынын кызыкчылыгына пайдаланчу болсо, ага карата сөзсүз түрдө чара көрүлөт. Мен ушул кызматты аркалап турган кезде билим берүү системасына тиешелүү бир дагы мүлк башка максатта пайдаланылбайт, кызыкдар күчтөр тарабынан тартылып алынбайт, андайга жол берилбейт!
Арыз-муңубузду жогорку жетекчиликке жеткирип койдук деп жата бербей, жергиликтүү бийликке жана донордук уюмдарга кайрылып, чарбалык маселелерди жеринен чечүүгө өзүңөр дагы аракет кылышыңар керек", - деди министр.
Кеңешмеде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, тажрыйбалуу жетекчи Наматбек Орунтаев кесиптештерин окутуу, тарбиялоо процессине өзгөчө көңүл бөлүүгө чакырды.
Кеңешменин соңунда катышуучулардын алдына кыска мөөнөттө аткарылууга тийиш болгон орчундуу милдеттер коюлду.



1 |