Ырчы Азиз Батыровдун менеджери жол кырсыгынан каза болду



Ырчы, дастанчы Азиз Батыровдун менеджери жол кырсыгынан каза болду. Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болуп, Хонда Фит унаасы оодарылып кеткен. Рулда ырчынын менеджери Умар Эсенгулов болуп, кырсык болгон жерде көз жумган. Бул боюнча ырчы мырзага байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтты.
"Өзүмдү коёрго жер таппай турам. Көзүмдөн жашым токтобой жатат. Уккандан бери аябай жаман абалдамын. Мен өзүм шакирттерим менен Түркияга фестивалга келип, бул жактагы мекендештерге концерт коюп, клип тартып жүргөм. Шашылыш билет алдым, учуп барам. Умар менин бир тууганым болуп калган болчу. Өзүнүн аты Илгиз, биз аны Умар дечүбүз. Эки жылдан ашуун убакыттан бери иштешип келе жатканбыз. Бир тууганымдай ишенчү элем, тарбиясы мыкты бала эле. Каза болгонуна эч ишене албай жатам, 20 эле жашта болчу", - дейт Батыров.




1 |