super.kg logo

Алдамчылыкка шектелип кармалган "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынды

 

27-июлда "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган. Шектүүлөр, тагыраагы 24 жаштагы Э.Б. кызы жана анын 27 жаштагы М.О. аттуу жолдошу 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Ал эми маалыматты расмий тактоо максатында Свердлов РИИБинин маалымат кызматына байланышканыбызда, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат берилбей тургандыгын айтышты.

Эске салсак, буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э. аттуу аял алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, "Элиза үй буюмдары" тобундагы абоненттик номерлердин акчасын көбөйтүп берүүнү айтып, акча каражатын алганын жазган. Ошондой эле "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү каржы пирамидасынын уюштуруучулары болуп саналганы белгилүү болгон.

Бул факты Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп баштаган.

Андан бери "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрүнүн тарапташтары митингге чыгып, Элиза Бактыбек кызы кош бойлуу экендигин жана 1 жарым жаштагы баласы кароосуз калганын айтып, бошотууну талап кылып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
02.08.2021. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кармап жоготкула ушундайлар тойгозду
02.08.2021. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пирамидасы мн куруп кетсин
02.08.2021. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боюнда болсо ,баласы болсо жон отурвайвы пирамида уюштурбайле
02.08.2021. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Артынан 3 кишини СИЗО1ге жаздырсын
03.08.2021. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас болуптур, бул ошол алдангандардын кусуру уруп атканын тушунуп , сезип атты бекен, толоп берсин элдин акчасын, болбосо ошончо адамдын дагы кусуру урат, кудай жазалайт
03.08.2021. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчасын кайтарсын, кайтарбаса кайра арыз жаза тургандар толтура экен, бут алданып калышыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: