Өлкөдөгү айрым билим берүү мекемелеринде окутуучуларды эмдөө 100 пайыз аткарылды
Республиканын айрым билим берүү мекемелеринде окутуучуларды эмдөө 100 пайыз аткарылды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева айтты.
"Эмдөө жана реалдуу убакытта окутуу боюнча жаңы окуу жылына даярдыктар жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиячылардын 80 пайызы, мектеп мугалимдеринин арасында 70-80 пайыз, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү 60 пайыз жана жогорку окуу жайларынын 54,5 пайыз мугалимдери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү. Айрым билим берүү мекемелеринде 100 пайызга эмдөө жүргүзүлгөнүн белгилейм", - деди Абдылдаева.
Анын айтымында, Билим берүү министрлиги менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вирустук жугуштуу ооруларды эске алуу менен жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө.

