Жалал-Абад облусунда беш күн аралыгында 63 мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды



Жалал-Абад облусунда беш күн аралыгында 63 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында "Тартип" аталышындагы рейддик иш-чара уюштурулган.
Жалал-Абад облустук ЖКККнын бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 28-июль күнүнөн 1-август күнүнө чейинки аралыкта, жалпы облус аймагында 1130 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылар аныкталып, анын ичинен 63 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалып, 104 унаа атайын айып короого токтотулган.
Аталган иш-чара мындан кийин дагы тиешелүү иш мерчемдин негизинде улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.