Баткенде аткезчилик жол менен тамекини алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды





Баткенде чек арадан 1500 килограмм кургатылган тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Баткен районунун Ганжак аймагында нөөмөттө турган чек ара тозоту Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга өткөрүү пунктунан тышкары кетип бара жаткан КИА үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны байкаган.
"Айдоочу чек арачынын токто деген мыйзамдуу талабына эч кандай реакция кылган эмес. Чек арачы жүк ташуучу унаанын артынан кубалаган.
Чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу максатында чек арачы асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, курал колдонгон.
Кармалган 31 жаштагы айдоочу Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга 1500 килограмм кургатылган тамекини алып кетүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана көмүр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.



1 |