Мэрия маршруттук таксилердин иш таштоосу учурунда жардам берген шаар тургундарын сыйлады
Ушул жылдын 2-июнунда кичи автобустун айдоочуларынын иш таштоосу учурунда борбор калаанын тургундары менен конокторун бекер ташууга жардам берген камкор шаар тургундары сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты менен төмөнкүлөрдү сыйлаган.
Тойчубек Усубалиев - Коргоо министрлигинин дирекция башчысынын орун басары;
Жыргалбек Оморов - аскердик бөлүктүн айдоочусу;
Максат Нурмамбетов - аскер бөлүгүнүн улук айдоочусу;
Мирсул Алмазбек уулу - аскердик бөлүктүн улук айдоочусу;
Нурлан Большебеков - Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун колдоо взводунун командиринин орун басары;
Дастан Мендебаев - Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун колдоо взводунун айдоочусу;
Тилек Нарынбек уулу - Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун колдоо взводунун айдоочусу;
Болот Какебаев - Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун колдоо взводунун айдоочусу;
Султанбек Темиров - жеке автобустун айдоочусу;
Данияр Өмүрзаков - жарандык активист;
"Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун тейлөөчү автобустарынын айдоочулары да ыраазычылык каттары менен сыйланышты:
Александр Рябцев;
Абдрусул Хусаинов;
Шавкат Хаитбаев;
Таалайбек Осмоналиев;
Зоодарбек Саманчиев;
Бакыт Жунушбаев;
Адылбек Эстебесов;
Александр Шиянов;
Нурдин Тезенчиев;
Медербек Байсобаев;
Иван Ивлиева;
Замирбек Жоробеков;
Михаил Михайлов;
Ошондой эле компанияларга ыраазычылык каттары тапшырылган.
"Бишкек шаарынын мэриясы бардык колдоо көрсөткөн жарандарга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук каалайт", - деп айтылат маалыматта.

