super.kg logo

УКМК: "Аскар Акаев Бишкекке алып келинди"

 

Кыргыз өлкөсүнүн биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаевге издөө жарыяланган.

"Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошентип тергөө Акаевдин президенттигинде "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга аралашкан бардык күнөөлүү адамдарга укуктук баа берди. Ошол эле учурда УКМК Акаевди республиканын аймагына алып келүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагынан тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган активдүү иштерди жүргүзгөн.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 2-августта экс-президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилип, дароо ведомстволор аралык тергөө тобуна которулду", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда Акаев УКМКнын имаратында экени айтылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кошумча маалымат берилерин билдиришти.

Акаев Кыргыз өлкөсүн 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдагы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенге келе элек болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(14)
02.08.2021. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Жоголсун кереги жок камалса да чыкпасын ушул
02.08.2021. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Алынып келиндиби же озу келе жатабы?
02.08.2021. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы келиптир
02.08.2021. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Резонанс
nukura_jigit түзөттү 2021-08-02 15:45:53
02.08.2021. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камалсын,олкону сазга тыккан дал ушул акмак
02.08.2021. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жон келбейт эле,суйлошулуп гарантия менен келди болуш керек.Келсе камалаарын билет.Мени камагыла деп келмек беле.Менин ойум.
02.08.2021. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Alinur96kg, бир болсо акталат окшойт, кылмыш иши жокко чыгарылат
02.08.2021. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Alinur96kg, конечно өзү келди да, адвокаттын коштоосунда. Тим эле "... алынып келинди" деп азыркы узурпатор бийлик өзүнө очко топтоп жатышат.
02.08.2021. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алынып келинген фотосу барбы?
02.08.2021. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pankration_MMA, https://www.super.kg/kabar/news/371299/
Интернетке Акаевдин Бишкекке келгендеги сүрөтү деген сүрөт тарады
SHARE
02.08.2021. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озу эле келди го,жомокту айтпагылачы
02.08.2021. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы келиптир, оз мекени. Олсо да соогу оз жерине коюлат. Бекиев да келсин. Х
02.08.2021. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келгени жакшы болуптур.
02.08.2021. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А. А. Акаев "өзүм келдим" деп интервью берди. УКМК беш өрдөктү учуруптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: