super.kg logo

Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болду

 


Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып келген Бактыбек Кудайбергенов жаңы кызматка дайындалды. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал президенттин иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бактыбек Кудайбергенов ушул жылдын февраль айында борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Ал 1962-жылы 8-декабрда Ысык-Ата районунун Сан-Таш айылында туулган. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын жетинчиси. 1987-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1987-1988-жылдары Ивановка мамлекеттик атайын колхозу, маданият үйүнүн жетекчиси болуу менен баштаган.

Бактыбек Кудайбергенов 2012-2015-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районунун администрация башчысы кызматын аркалап, 2015-жылдан 2017-жылга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген.

Ошондой эле 2020-жылы "Кыргызстан" саясий партиясы менен бирге шайлоого аттанып, талапкерлигин койгон. Мындан тышкары "Ысык-Ата районунун бокс федерациясы" коомдук бирикмесинин жетекчилигин аркалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: