Аида Салянова: “Кумтөр”боюнча депутат Курманбек Осмоновго өзүм кылмыш ишин козгодум”
2013-жылы “Кумтөр” боюнча 4 кылмыш иши козголду. Муну парламенттин 30-октябрдагы жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Айтымында, кылмыш иштери "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери жана экология маселелери боюнча козголду. “Акыркы кылмыш иши 2013-жылдын 24-октябрында козголду. Бул киши депутат болгондуктан (ред. Курманбек Осмонов) кылмыш ишин мен өзүм козгодум. Депутат учурда ооруканада жатканына байланыштуу жактоочусу өтүнүч менен кайрылды. Учурда тергөө иштери токтоп турат”,- деди Салянова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
2

