Садыр Жапаров ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Роговду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы ушул жылдын 1-майында азыркы иш-милдеттерин аткарууга киришкен Алексей Роговду ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы болуп дайындалышы менен куттуктады.
Эгемендүүлүк жылдарында Кыргыз өлкөсү коомду демократиялаштырууда жана саясий реформаларды жүргүзүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин баса белгилеп, ЕККУ менен тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин кошумчалады.
Мамлекет башчысы ошондой эле ЕККУнун программалык кеңсесине террорчулук, экстремизм жана радикалдашуу менен күрөшүү сыяктуу чөйрөлөрдө укук коргоо органдары менен кызматташуусу, ошондой эле укук коргоо органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара байланышын бекемдөөгө, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров программалык кеңсенин ЕККУнун долбоордук ишмердигинин алкагында мамлекеттик органдар менен узак жылдардан берки кызматташуусунун, атап айтканда этностор аралык чыр-чатактарды эртелеп эскертүү жана алдын алуу системасын түзүү боюнча оң натыйжаларын баса белгиледи.
ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов бүгүнкү жолугушуу Кыргыз өлкөсүндөгү уюмдун программалык ишмердигинин актуалдуулугунун далили болуп саналарына токтолду.
Ал мамлекеттик органдар жана жарандык сектор менен өз ара байланышты жүргүзүүчү консультативдик механизм аркылуу кыргыз коомунун өтө зарыл муктаждыктарын толук чагылдыруу үчүн мындан аркы программалык иштерди активдештирүүгө даярдыгын билдирди.
Алексей Рогов президенттин "2021-2026-жылдарга карата инсандын руханий — адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" алгачкы жарлыгын, ошондой эле 2021-2026-жылдарга карата "Кыргыз жараны" жарандардын өзүн-өзү таануусун өнүктүрүү концепциясын жогору баалады.
Ал ошондой эле уюмдун дин тармагындагы мамлекеттик саясатты түзүүнүн эң маанилүү багыты болгон диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциянын кабыл алынышын күтүп жатканын кошумчалап, бул документти кабыл алуунун жана ишке ашыруунун бардык баскычтарында колдоого даярдыгын билдирди.
Ошону менен бирге ал Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу аскердик чөйрөдөгү кызматташууну улантуу ниетин белгиледи.
Тараптар биргелешкен пландарды белгилеп, натыйжалуу кызматташууга даяр экендиктерин айтышты.

